• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл башынан бери өлкө аймагында 57 адам сууга чөгүп каза болду – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын башынан бери өлкө аймагында сууга чөгүп каза болгондордун жалпы саны 57 адамга жеткен. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлгөн аппараттык кеңешмеде КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваров билдирди.

"Республика аймагында жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болгон болсо, алардын ичинен 38и эркектер, 6 аялдар, 13 жаш балдар. Ал эми жай мезгилиндеги сууга түшүү сезону башталгандан бери эле 35 адам каза болсо, алардын ичинен 23 эркектер, 3 аялдар, 9 жаш балдар. Сууга түшүп каза болгондордун эң көбү Чүй облусуна туура келип, 16 адамды түзсө, экинчи орунда Жалал-Абад облусу - 12 адам сууга чөгүп каза болгон. Ал эми Бишкек шаарында - 8, Ош шаарында - 5, Ош облусунда - 5, Баткен облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 5 жана Талас облусунда -1 адам сууга чөгүп каза болгон. Бактыга жараша Нарын облусунда сууга чөгүп каза болгондор катталган эмес”-деди М. Сваров.

Пикир

Оставить комментарий