• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл башынан бери маморгандарга жарандардан 4 миңден ашуун кайрылуу түшкөн - Саралаева

Коом 0

Бишкек, 03.01.17. / Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жыл башынан бери 4 миңден ашуун кайрылуу түшүп, алар тиешелүү ведомстволорго чечүү үчүн жиберилген.

Аталган бөлүмдүн башчысы Жанна Саралаева айткандай, кайрылуулардын мазмуну өлкөдөгү саясий окуялардан, ошондой эле сезондук өзгөрүүлөрдөн көз каранды.

Ал көптөгөн кайрылуулар бир нече органдарга жөнөтүлөрүн, кайра натыйжада алар өкмөткө кайтып келерин белгиледи.

Ал ошондой эле ар кайсы министрликтердин 10 өкүлү кирген топ түзүлгөнүн айтты.

Саралаева жарандарга кайрылууларды түзүүдө жөн гана акча каражатын же башка материалдык жардам сурабастан, аларды чечүүнүн так жолдорун белгилөөнү кеңеш кылды.

Пикир

Оставить комментарий