• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери "Манас" аэропорту 1,7 млн. жүргүнчүнү тейлеген

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропорту” 2019-жылдын башынан бери 1 млн. 694 миң 639 жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 588 миң 169 жүргүнчү ички каттамдар боюнча учса, 1 млн. 106 миң 470 жүргүнчү эл аралык каттамдардын кызматын колдонгон.

Ошондой эле жарым жылда 14 миң 782 каттам тейленген. Алардын ичинен 9 миң 629у эл аралык каттамдар, 5 миң 153 – ички каттамдар.

Бөлүмдөрү боюнча: “ЭМА” ААКнын Бишкектеги бөлүмү 9 миң 420 каттамды тейлеген. Ички каттамдар 2 миң 604, эл аралык - 6 миң 816. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 978 миң 401 адамды түзгөн. Анын ичинен 294 миң 363 адам ички каттамдардын кызматы менен колдонсо, 684 миң 38и эл аралык каттамдарды колдонгон.

“ЭМА” ААКнын Оштогу бөлүмү 5 миң 326 каттамды тейлеген. Ички каттамдар 2 миң 533, эл аралык - 2 миң 793. Жүргүнчулөрдүн жалпы саны 715 миң 326 адамды түзгөн. Анын ичинен 421 миң 839 адам ички каттамдардын кызматы менен колдонсо, 293 миң 487и эл аралык каттамдарды колдонгон.

“ЭМА” ААКнын Ысык-Көлдөгү бөлүмү 36 каттамды тейлеген. Ички каттамдар 16, эл аралык - 20. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 912 адамды түзгөн. Анын ичинен 319 адам ички каттамдардын кызматы менен колдонсо, 593 эл аралык каттамдарды колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий