• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери Ош облусунда жер көчкүдөн 6 адам каза болду – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Ош облусунда 2017-жылы 1-январдан 10-апрелге чейин 25 жер көчкү катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен көлөмү 1 млн 119 миң 690м3 болгон 17 жер көчкү – материалдык зыян алып келген жана 6 адам каза болуп, 4 үй бузулган.

Өзгөн районунда 9 жер көчкү, Кара-Суу районунда – 2, Алай районунда - 4, Кара-Кулжа районунда - 2 жер көчкү жүргөн.

Ош облусу боюнча 2 миң 376 үй-бүлө жер көчкү түшүү коркунучу бар жерде жашайт, анын ичинен 838 үй-бүлө ссуда, жер тилкесин алышып, коопсуз жайга көчүшкөн, 445 үй-бүлө көчүү баскычында, 1 миң 93 үй-бүлө ссуда жана жер тилкесин алышып, бирок коркунучтуу жайда жашап жатат.

Пикир

Оставить комментарий