• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жыл башынан бери Ош облусунда жол кырсыгынан 28 адам каза болду

Аймак 0

Ош, 21.05.18. /Кабар/. Ош облусунда январь-апрель айынын аралыгында жол кырсыгынан 28 адам каза болду, анын төртөө балдар.

Көрсөтүлгөн мезгилде облуста 157 жол кырсыгы катталган, андан 261 адам жабыркаган.

Инспекторлор бул аралыкта 44 рейд жүргүзүшүп, жол кырсыгын бузган айдоочуларга карата дээрлик 29 миң административдик протокол түзүлгөн.

Мамлекеттин кирешесине айыптан жалпы суммасы 15 млн 24 миң сом түшкөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 млн сомго көп. Сот аркылуу 3 млн 80 миң сом алынган, ал эми 11 млн 944 миң сомду айдоочулар өздөрү салынган айыпты төлөшкөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2018-жылдын 4 айынын ичинде республика боюнча жол кырсыгынан 167 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий