• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жыл башынан бери Ошто 223 өрт кырсыгы катталган, жалпы чыгым 46 млн. сомду түздү

Аймак 0

Ош, 05.11.18. /Кабар/. Оштун аймагында 2018-жылдын январь-октябрь айлары аралыгында 223 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан кабарлашты.

Жалпы чыгым 46 млн. 302 миң сомду түзгөн. Өрт өчүрүүчүлөр 7 млн. сомдук мүлктү сактап калууга үлгүрүшкөн.

10 айдын ичинде тилсиз жоонун кесепетинен 2 адам каза болуп, жетөө жабыркаган.

Катталган өрттүн дээрлик көбү электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий