• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө дээрлик 40 млрд сом сарпталды

Экономика 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 39 миллиард 488,6 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен Бишкек шаарына 6 миллиард 454,1 миллион сом, Чүй облусуна 6 миллиард 093,3 миллион сом, Нарын облусуна 3 миллиард 168,4 миллион сом, Ысык-Көл облусуна 3 миллиард 586,8 миллион сом, Талас облусуна 1 миллиард 632,5 миллион сом, Ош шаарына 1 миллиард 420,8 миллион сом, Ош облусуна 7 миллиард 255,5 миллион сом, Баткен облусуна 3 миллиард 159,0 миллион сом, Жалал-Абад облусуна 6 миллиард 718,1 миллион сом жумшалган.

Ал эми октябрь айында пенсия жана жөлөкпулдарды каржылоого 4 млрд 108,4 млн сом кеткен.

Пикир

Оставить комментарий