• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулду каржылоого 20,7 млрд сом сарпталды

Экономика 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-май айыларында пенсия жана жөлөкпулга 20 млрд 754,5 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Алсак:

- Бишкек шаарында — 3 млрд 396,2 млн сом;

- Чуй облусунда — 3 млрд 190,8 млн сом;

- Нарын облусунда — 1 млрд 655,7 млн сом;

- Иссык-Көл облусунда — 1 млрд 892,2 млн сом;

- Талас облусунда — 858,9 млн сом;

- Ош шаарында — 745,1 млн сом;

- Ош облусунда — 3 млрд 799,2 млн сом;

- Баткен облусунда — 1 млрд 658,4 млн сом;

- Жалал-Абад облусунда — 3 млрд 558,0 млн сом.

Ал эми пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2021-жылдын май айына 4 млрд 182,7 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий