• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери өрттөн 11 адам каза болду, анын бирөө жаш бала

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында 200дөн ашуун өрт катталып, андан 11 адам каза болгон, алардын бирөө жаш бала. Бул тууралуу КР ӨКМдин Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Сталбек Абдылда уулу билдирди.

Анын айтымында, 1нен 19-январь күндөрү республика аймагында 208 өрт катталган. Натыйжада үчөө ар кандай даражадагы күйүк алган, жети адамды куткарып калууга мүмкүн болгон.

Эгерде аймактарга бөлүп карай турган болсок, анда Чүй облусунда – 54 өрт, Бишкекте – 30, Ош облусунда – 29, Ош шаарында – 4, Жалал-Абад облусунда – 32, Ысык-Көлдө – 26, Баткен облусу боюнча – 18, Таласта – 7 жана Нарында – 4 өрт кырсыгы катталган.

Пикир

Оставить комментарий