• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери Салык кызматынын сайтындагы кызмат көрсөтүүлөрдү дээрлик 7 млн адам колдонду

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы кызмат көрсөтүүлөрдү 6 млн 877 миң 927 адам колдонгон. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды кеңейтүүнүн эсебинен МСКнын сайтын пайдалануучулардын саны жыл сайын өсүүдө.

Салыштыруу үчүн: 2020-жылы сайттын кызматын –10 млн 997 миң 192 жолу, 2019-жылы – 8 млн 548 миң 492 жолу пайдаланышкан. 2018-жылы сайтка 6 млн 314 миң 543 пайдалануучу кирген. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге көп, анда ведомствонун кызматын 3 млн 552 миң 946 адам пайдаланган.

Үстүбүздөгү жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, расмий сайтта талап кылынган электрондук кызматтар, ошондой эле отчеттордун формасы, салык төлөөчүнүн кабинети, электрондук эсеп-фактуралар, билим базасы ушул сыяктуу жана башка кызматтар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий