• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери шаардык бюджетке 5 миллиарддан ашуун сом түштү - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Калаа башчысы Азиз Суракматов вице-мэрлер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен пландык жыйында 8 айдын ичинде шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана төртүнчү кварталга карата план, ошондой эле шаардык кызматтарды санариптештирүү маселелерин карады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Үмүтжан Аманбаев 8 айда 5 млрд 139,3 млн сом киреше түшкөндүгүн, бул 85,4% (6 млрд 17,5 млн сом) түзөрүн белгиледи.

"Кирешелердин негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түзүп, 4 млрд 209,3 млн сом түшкөн, бюджетке 587 млн сом түшпөй калган. Свердлов районунун салык кызматы планды аз аткарып, ал 75%ды түздү", - деп билдирди ал.

Мындан тышкары, билгилүү болгондой, 1-сентябрга карата салыктык эмес кирешелерден 679,4 млн сом планынан 388,3 млн сом түшкөн, анын ичинен жер ресурстар башкармалыгы тарабынан – 229,4 млн сом, муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан – 38 млн сом.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев шаардык бюджеттин киреше бөлүгүндө эч кандай түзөтүүлөр болбой тургандыгын эскертти. "Планды аткарыш керек", - деди ал.

Өз кезегинде мэр шаардык финансы башкармалыгына, салык кызматтарына, райондук акимиаттарга кырдаалды анализдөө жана салык чогултуу боюнча терс тенденциянын түшүшүн жоюуну тапшырды.

Шаар башчысы ошондой эле ижарачылардан, айрыкча карызы барлардан муниципалдык жер тилкелерин пайдалануудагы ижара салыгын чогултуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

"Тилекке каршы, кирешенин төмөндөшү КОВИД-19 пандемиясына жана калаадагы экономикалык ишмердүүлүктүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу болгон", - деп баса белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий