• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жыл башынан бери Сузак районунда 55 өрт кырсыгы катталган - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 55 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн келип чыгуу себептери жарандардын кайдыгер мамилесинен да болууда.

"Өрт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жыл башынан бери Сузак райондук ӨКБ тарабынан райондун аймагындагы турак-жай ээлерине, турак-үйлөрдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт коопсуздук эрежелери боюнча атайын эскертме кагаздары таркатылууда. Турак-үйлөрдү кыдыруу учурда өрт коопсуздугун сакталбагандар аныкталып, аларга эскертүүлөр берилүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери райондо 55 өрт кырсыгы катталган. Ал эми 2 миң 210 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан улам облус боюнча өрт коопсуздугун текшерүү иш-чаралары аталган кызмат тарабынан мындан ары байма-бай жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий