• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери “Түндүкэлектр” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 6,3 млрд. сом чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Он айдын ичинде “Түндүкэлектр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4 млрд. 715 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 142,5 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 6 млрд. 54 млн. сомду түзүп, анын 6 млрд. 335 млн.сому (104,7 %) чогултулган.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 110 %,

-бюджеттик уюмдар – 100,9 %,

-башка керектөөчүлөр – 100,2 %,

-өндүрүштүк объектилер – 99,7 %,

-айыл-чарба керектөөчүлөрү - 99,6 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу он ай боюнча төмөндөгүдөй:

-Бишкекте төлөм чогултуу 104,4 %

-Чүй облусунда – 104,4 %

-Талас облусунда – 108,3 %.

Пикир

Оставить комментарий