• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери уруксат документтери жок 39 млн сомдук алкоголдук продукция аныкталды - Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Быйыл жети ай ичинде Салык кызматы тарабынан уруксат документтери жок 39 млн сомдук алкоголдук продукция аныкталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

"Жыл башынан бери жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салык кызматкерлери тарабынан алкоголдук продукцияны уруксат документтери жок сатуу, контрафакттык, жасалма акциздик маркалар менен сатуу максатында сакталган бир катар факт аныкталды. Жети айдын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн наркы 39 млн сомдон ашкан 358 миңден ашык бөтөлкө, 72 миңден ашык сыра табылып, алынган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде аныкталган алкоголдук продукциянын саны 9 миң 342 бөтөлкөнү түзгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий