• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери вакцина алган 12 жарандан коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда COVID-19дун 1376 учуру аныкталып, анын ичинен 12 гана жаран эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, эмдөө алгандарда оору жеңил формада өтөт.

“Эпидемиологиялык иликтөөдө бардык бейтаптар 2021-жылдын 25-декабрынан 31-декабрына чейин ооруганын белгилешет. Майрамдарга байланыштуу ооругандан баштап дарыгерге барганга чейин орто эсеп менен 3-4 күн өткөн. Өз кезегинде, көпчүлүк учурларда жарандардын оору жуктуруусу майрамдарга жана коомдук транспортко байланыштуу болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий