• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда 211 өрт катталып, 46 млн сом зыян келтирилген

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10 ай ичинде Ысык-Көл облусунда 211 өрт катталып, 46 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери катталган өрттүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,6 пайызга азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 46 миллион сомдон ашык түзүп, бир адам каза тапкан.

Тилсиз жоо менен алпурушууда 36 адамдын өмүрү жана 182 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 42 %;
  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 17 %;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда - 5,3 %;
  • балдардын от менен ойноосунан - 35 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий