• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардан 16 адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 28 өзгөчө кырдаал катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам-нөөмөт кызматынын жетекчиси Рахман Абдувапов билдирди.

Анын айтуусунда, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 млн. 300 миң сомду түзгөн.

"Өзгөчө кырдаалдардан 28 адам жабыркап, 16 адам каза болду. Алардын арасында Бишкектеги кампадан чыккан ири өрт, Айтматов проспектисинде катталган кырсык бар. Анда автоунаа менен автобус кагылышып, төрт адам каза болуп, бир кыз ооруканага түшкөн. Аталган жол кырсыгы дагы өзгөчө кырдаалдардын катарына кирет”, - деп билдирди Абдувапов.

Пикир

Оставить комментарий