• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардан 6 адам каза болду – КР ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 60 өзгөчө кырдаал катталып, андан 6 адам каза болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери 38 шашылыш билдирүү таратылган (кар көчкү коркунучу тууралуу 21, аба ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча 12, сел жүрүү коркунучу тууралуу 5).

Министрликтин куткаруу жана өрт-куткаруу бөлүктөрү аркылуу 2018-жылдын 4 айында 82 адам куткарылган (2017-жылы 105 адам куткарылган), алардын 17 – жол кырсыгы, 22 – өзгөчө кырдаалдар учурунда, 43 – өрт маалында.

Бардыгы болуп 275 жаранга жардам көрсөтүлгөн.

“Жалпысынан өзгөчө кырдаалдарга 460 чыгуу болгон. Алардын 40 – жол кырсыгы, 379 - ар кандай штаттан сырткаркы чыгуулар, 12 – өрт, 5 – жардыруучу зат коюлган делген шек боюнча, 14 - сууга чөгүү жана издөө”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий