• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери жөө жүргүнчүлөр катышкан 542ден ашуун жол кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Жыл башынан тартып май айына чейин Бишкек шаарынын аймагында 542ден ашуун жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыгы катталып, 558ден ашуун жарандар ар кандай жаракат алышкан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарына жөө жүргүнчүлөр да, жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулардын да жол эрежелерин так сактабагандыгы себеп болууда.

Жогорудагы жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын эске алуу менен Бишкек ШИИББг боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери “Пешеход” аталышында атайын редтик иш-чара өткөрүп, төмөнкү жол жол эрежелерин бузуу фактыларын аныкташты;

- Айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбө койгондугу үчүн, 80 протокол толтурулуп, ар бирини 3 000 сомдон айып салынды.

- Жөө жүргүнчүлөр жөө өтмөктөн өтпөстөн, жолду кесип өткөн учурларга 140 протокол толтурулуп, ар бирине 1000 сомдон айып салынды.

- Спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандар 26 протокол;

- Айдоочулук күбөлүгү жок авто унаа башкаргандар 32 протокол;

- Жана башка жол эрежелерин бузуулар 1498 протокол;

- 137 авто унаа ар кайсы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып короо жайына токтотулган.

"Милициянын кайгуул кызматы өзүңүздөрдүн коопсуздугуңар үчүн жол эрежелерин так сактоого чыкырат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий