• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 21 текшерүү жүргүзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Жыл башынан бери Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү багытында 21 текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Жайыл районунун прокурорунун милдетин аткаруучу М.Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, 2020-жылдын 1-кварталында Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан райондун аймагында мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Алсак, жыл башынан бери Чүй областынын Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыттарында белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин, Башкы прокуратуранын коллегияларынын чечимдерин, көрсөтмөлөрүн, иш-мерчемдердин талаптарын сактоо менен приоритетүү багыттар боюнча адам укуктарын коргоо менен бир топ иш-чаралар жүргүзүлдү.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө райондук прокуратура тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыттарында жалпы 24 текшерүүлөр жүргүзүлүп, 29 бузуулар аныкталып, жыйынтыгында тийиштүү прокурордук актылар келтирилип, 7 кызмат адамы тартиптик жазага тартылган.

Ал эми райондун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 7 материал катталып тергөөнүн караштуулугу боюнча тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган, мындан сырткары, мамлекеттин казынасына 1 653 770 сом акчалай түрдө, ал эми накталай түрдө 3 963 000 сом өндүрүлгөн, тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарылган.

Райондук прокуратура тарабынан аталган багыттар боюнча тийишт иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий