• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан бери жаш балдар катышкан жол кырсыгы 17%га азайган

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Жыл башынан бери жаш балдар катышкан жол кырсыгы 17%га азайган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып, алгачкы класстын окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүштү.

“Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле окуучулар үчүн даярдалган видео роликтер көргөзүлүп, жол эрежелерин сактоо боюнча эскертме журналдар таратылды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагындагы 101 жалпы билим берүүчү орто мектептердин ар бирине кайгуул кызматынын офицердик курамынын бирден кызматкери бекитилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап келет.

2021-жылдын 3 айынын ичинде жаш балдар катышкан 93 жол кырсыгы катталып, 105 өспүрүм жол кырсыгынан жаракат алган. Бул көрсөткүч 2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу 17 пайызга азайган.

Пикир

Оставить комментарий