• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жыл башынан бери жашы жете электерге карата сексуалдык зордук-зомбулук боюнча 18 кылмыш иши козголгон - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери жашы жете электерге карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча 18 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу КР ИИМ Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жашы жетелектердин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте үй-бүлөлүк зордук жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоору талкууланган конференция болуп өткөн.

Статистика боюнча акыркы 5 жылда жашы жетелектерге карата жасалган кылмыштардын кыскарышы байкалууда. “ИИМде бүгүнкү күндө ички иштер министринин үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу, ошондой эле убактылуу коргоо ордерлерин топтоо жөнүндө буйругу аткарылып келет. Мыйзам кабыл алынган соң ИИМ мыйзамдын жаңы редакциясынын өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен нормативдик-укуктук актыларын кайра иштеп чыгат”, - деди А.Абдрахманов.

Ал 2017-жылдын эки айында республика боюнча 1,2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталып, бардык факты боюнча убактылуу коргоо ордерлери берилип, зордуктагандарга карата административдик жаза каралып, ошондой эле жашы жете электерге карата 12 убактылуу коргоо ордери берилген.

Ошондой эле, эркек адамга карата аял зордук мамиле кылган фактысы катталып, “кылмыш иши козголгон эмес, бирок административдик жоопкерчиликке тартылган” деп белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий