• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан бери жол эрежесин бузуудан 26,4 млн сом айып пул өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протоколтор толтурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу 58 миң 504 протоколго көп толтурулган.

Алардын ичинен:

- Айдоочулук күбөлүгү жок жана авто унаага тийиштүү документтери жок авто унаа башкаруу 1074;

- Мас абалында авто унаа башкаруу 923;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүттөп айдоо 183;

- Тийешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган ТКны башкаруу 95;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 1164 ;

- Авто ээнбаштык 15;

Башка жол эрежесин бузуулар 84 845 6225 авто унаа ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Ал эми 2021-жылдын 3 ай ичинде түзүлгөн протоколдорго 121 млн 621 миң сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 26 млн 487 миң 430 сом өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий