• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МСКнын сайты жыл башынан бери 10 миллиондон ашык жолу колдонулган

Экономика 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын кызмат көрсөтүүлөрүн жыл башынан тартып 10 млн 69 миң 16 колдонуучу пайдаланган. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, январь-апрель айларында сайт эң көп талап кылынып, бул мезгилде 6,3 миллион жолу колдонулган. Сайттын популярдуулугунун себептеринин бири – 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча түшүндүрмөлөрдү жарыялоо, ошондой эле жыл сайын салык декларациясын тапшыруу боюнча кампания болду.

Жалпысынан сайттын колдонуучуларынын саны жыл сайын өсүүдө, буга салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын кеңейиши өбөлгө болууда.

Салыштырсак: 2021-жылы сайттын кызматтары 10,5 млн, 2020-жылы 10 млн жолу колдонулган. 2019-жылы сайтка 8,5 млн, 2018-жылы - 6,3 млн колдонуучу кирген.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайты колдонуучуларга салык чөйрөсүндөгү жаңылыктарды алууга, ар кандай кулактандыруулар жана башка дайыма жаңыланып турган маалыматтык материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Салык төлөөчүлөргө өздөрүнүн ИСНнин жана салык төлөөчү катары катталгандыгын текшерүүгө мүмкүндүк берген бир катар онлайн кызматтар каралган. Мүлк салыгын эсептөө боюнча калькуляторду колдонууга болот. Акциздик маркаларды издөө сервиси иштеп жатат. Салык төлөөчүдө инспектор текшерүү үчүн буйрук алгандыгын билүү мүмкүнчүлүгү бар.

Google Trends сервисинин маалыматы боюнча, сайтты издөө Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарында эң популярдуу.

Пикир

Оставить комментарий