• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл башынан тарта 2,8 миң өрт кырсыгы катталып, 33 адам каза болду – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын маалыматында 2021-жылдын 11 ай аралыгында республика боюнча 2801 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 12,2% өскөн.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 33 адам каза тапкан.

"2020-жылы 30 адам каза болуп, 44 адам жабыркаган. Тилсиз жоодон 29 адам куткарылып, 19 млрд 236 млн 638 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1820 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 35 % түзгөн", деп айтылат маалыматта.

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 1133 (18,8%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 265 (13,2 %);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 476 (-14,1);

- балдардын от менен ойноосуунан – 188 (-13%), өрт кырсыгы болду.

Катталган өрт кырсыктарынын аймактар боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Чүй облусунда - 705;

- Бишкек шаарында – 454 өрт;

- Баткен облусунда - 391 өрт катталган.

- Жалал-Абад облусунда - 387;

- Ош облусунда - 295;

- Ысык-Көл облусунда - 280;

- Нарын облусунда - 117;

- Талас облусунда - 92;

- Ош шаарында - 80.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

• балдарды кароосуз калтырбагыла;

• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

• тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

ӨКМ өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактоону эскертет, муну менен сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, ошондой эле өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.

Пикир

Оставить комментарий