• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан тарта 512 мамлекеттик квалификациялык сертификат берилди

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1 кварталында курулуш тармагынын адистери үчүн 512 мамлекеттик квалификациялык сертификат берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары боюнча – 291, Чүй – 37, Ош – 69, Жалал-Абад – 32, Ысык-Көл – 45, Нарын – 18, Талас – 15 жана Баткен боюнча адистер - 5 сертификат алышты.

Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга– 154, излдѳѳчүлѳргѳ – 12, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 132, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 12, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 202 квалификациялык сертификат берилген.

Белгилей кетсек, 39 адиске сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 303 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 209 адиске узартылган.

Пикир

Оставить комментарий