• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан тарта 82 объектте инженердик текшерүүлѳр жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын Транспорт архитектура, курулуш жана коммуникациялар министирлигинин жер титирөөгө туруктуу, курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 82 ар кандай багыттагы объекттердин инженердик текшерүүсүн жүргүзүп жана алар боюнча имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна техникалык корутундуларды берди.

Мамкурулуштун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле отчеттук мезгилде долбоорлоого 16 атайын техникалык шарттар иштелип чыккан жана берилген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө институт тарабынан "От казаны орнотмолору" жана КЧ-58-75 "Жылуулук электрстанциялары" ченемдик документтерин актуалдаштыруу жана иштеп чыгуу боюнча долбоорлор даярдалган.

Андан сырткары, "Жылуулук, желдетүү жана абаны кондициялоо" КЧ боюнча башка өлкөлөрүнүн ченемдик документтерине талдоо жүргүзүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий