• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Юстиция министрлиги: Жыл башынан тарта 9,2 миң адамга юридикалык жардам көрсөтүлгөн

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы 9 миң 228 адам квалификациялуу юридикалык жардам алышкан. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 549у балдар. 3 миң 758у жылдык кирешеси минималдуу эмгек акынын 60 эсесинен ашпаган адамдар. 4 миң 921 адам жылдык кирешесин эсепке албастан жардам алган ("Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамдын 2-бөлүмүнүн 2-беренесинин 2-бөлүгү).

Гендер боюнча караганда 6 миң 768 юридикалык жардам алуу жөнүндө арыздар эркектерден, ал эми 2 миң 460 арыздар аялдардан түшкөн.

Эгер региондор шартында карап көрсөк:

¾ Чүй облусу боюнча – 1519

¾ Ош облусу боюнча – 2601

¾ Жалал-Абад облусу боюнча – 683

¾ Баткен облусу боюнча – 645

¾ Талас облусу боюнча – 349

¾ Ысык-Көл облусу боюнча – 512

¾ Нарын облусу боюнча – 139

¾ Бишкекте – 2780.

Кармоо, тергөө стадияларында, ошондой эле жарандык жана администрациялык иштер боюнча көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын көбөйүшү байкалууда. Ошентип, 7345 жаранга жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндө жардам көрсөтүлгөн, алардын ичинен: жазык иштери боюнча – 5749, жоруктар жөнүндө иштер боюнча – 1596 жаранга. Жарандык жана административдик сот өндүрүшү боюнча– 1883 (доогерлер – 1738, жоопкерлер –145).

Маалымдама: квалификациялуу юридикалык жардам – жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарына мамлекеттин эсебинен өкүлчүлүк кылуу жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши; жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу.

Пикир

Оставить комментарий