• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан тарта Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,8 млрд долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 3,8 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 19,6 пайызга көбөйдү. Ал эми экспорттук жөнөтүүлөр 16,5 пайызга азайып, импорттук келип түшүүлөр 40,3 пайызга жогорулады.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-июлунда 1,8 млрд АКШ долларын түздү. Ал 2020-жылдын январь-июлуна салыштырганда 26,0 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 40,8 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 21,7 пайызга жогорулаган.

Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,8 пайызга) жана Казакстанга (32,8 пайызга) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий