• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл башынан тарта "жүк 200дү" Кыргызстанга жеткирүү боюнча 19 кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Жыл башынан тарта "жүк 200дү" Кыргызстанга жеткирүү боюнча 19 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлери билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, ушул жылдын башынан тарта 19 материал келип, алардын ичинен төртөө аял киши болгон. Мындан улам 20 материал боюнча 100 миң сомдон кементе төлөп берүү чечими кабыл алынган. Акыркысы 2018-жылдагы материал боюнча берилген.

Алардын ичинен 18 адам Россиядан, Казакстандан 2 адам болгон.

Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-кеңештик борборуна 2018-жылы чет жерде көз жумган КРнын жарандарынын денесин мекенине алып келүүдөгү чыгымдары үчүн бир жолу берилүүчү каражат боюнча 199 кайрылуу келип түшкөн. Төлөм 191 материал боюнча берилип, анын жалпы суммасы 8 млн. 884 миң 746 сом 60 тыйынды түзгөн. Алардын ичинен 154 эркек жана 45 аял киши болгон.

Кабыл алынбаган 8 материал боюнча алардын экөө керектүү каржы документтерин көрсөтүү талабына байланыштуу кийинкиге калтырылса, төлөм документтеринин туура келбегендигинен улам алтоо боюнча баш тартылган.

Мекемеде белгилешкендей, каза болгон эмгек мигранттары Россияда курулуш, турак-жай коммуналдык чарба, соода, өнөр-жай тармагында иштешкен.

Чет жерде каза болгон Кыргызстандын жарандарынын ичинен 178 киши Россияда болсо, Казакстан - 3, Түркия - 10, Корея - 3, Италия - 1, Кытай - 1, Швеция - 1, Бириккен Араб Эмираттарында 1 киши болгон.

Пикир

Оставить комментарий