• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл ичинде электрондук "Түндүк" тутумуна 60 мамлекеттик орган кошулган

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Бир жыл ичинде электрондук "Түндүк" тутумуна 60 мамлекеттик орган кошулган. Бул тууралуу "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" мамлекеттик ишканасынын башчысы Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, тутумга 60 мамлекеттик орган кошулганы менен анын баары бири-бирине автоматтык түрдө маалымат бере албайт. Учурда 24 орган 200 багыт боюнча маалымат алмаша алат.

Ал белгилегендей, коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн Бажы кызматын салмак-көлөм көзөмөл менен кошуу пландалууда.

"Мындан сырткары, Салык, Ветеринардык, Чек ара жана башка кызматтарын да кошууну көздөөдөбүз", - деди Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий