• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл сайын 9-классты аяктагандардын 30-35 пайызы окууну улантышпайт

Коом 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 9-классты аяктагандардын 30-35 пайызы мектепте окууну улантышпайт. Бул тууралуу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-2016-жылдар үчүн берген статистикалык маалыматына караганда, ар жыл сайын 9-классты 98000 окуучу аяктайт. Алардын 64 миңи гана 10-11-классты улантышкан.

Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу мекемелерине 9-класстын базасы менен 6000 улан – кыз тапшырса, кесиптик билимге 15 миңи барган. Мындай көрүнүштүн көрсөткүчү 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн 12%нын чала сабаттуу, эч кандай иши жок, өз алдынча жашоого караманча даяр эмес болуп чыгышын ачыктоодо.

Жыйында 2003-жылы «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынгандан берки 14 жылдын аралыгында коомчулугубуз эч кандай баштапкы орто кесиптик билими жок, толук эмес орто билимдүү чоң турмушка аралашкан 200 миң жаран менен толукталды, - деген да сандык көрсөткүчтөргө көңүл бурулду.

Депутат Дүйшөн Төрөкулов, – "Кесипчилик - техникалык окуу жайына 9 - класстын базасында тапшыргандарга акысыз окутуу, ал эми 11 - класстан кийин тапшыргандарга келишимдик негизде билим берилсе", - деп сунуштады. Ошондой эле ал миграциялык агымга туш болгон кесип ээлерине келишим түзүү жеткиликтүү үйрөтүлсө, - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий