• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыл сайын электр энергиясынын тартыштыгы 10%дан жогорулоодо - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Бүгүн, 13-майдагы "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Экмат Байбакпаев азыркы учурда Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 1-1, млрд. кВт/саатты түзөрүн белгилеп: "Мындай көрсөткүч жыл сайын 10%дан жогорулоодо жана 2020-жылга карата болжолдоолорго ылайык электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд. кВт/саатты түзүшү мүмкүн" - деди.

Ошондой эле "Биз бул жагдайга электр энергиясын пайдалануучулардын санынын арбышынан улам кептелип жатабыз. Тагыраагы, электр энергиясын аз өндүрөбүз, бирок керектөөчүлөрбүз көп. Эгер мурда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, акыркы жылдары коӊшуларыбыздан импорттой баштадык", - дейт депутат Э.Байбакпаев.

Анын айтымында, Кыргызстандагы энергия системасынын жабдуулары эски. Бүгүнкү күндө, жабдуулардын 20%ы эскирген, алсак, "Чакан ГЭС" станциясынын бул көрсөткүчү 80%га жетет.

Буга катар келечекте бирдиктүү Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан электр линияларын камтыган CASA-1000 долбоорунун алкагында тиешелүү милдеттемелер да бар экенин эске салган Э.Байбакпаев, чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу максатындагы заманбап нормативдик-укуктук базаларды түзүү зарылчылыгын кошумчалады.

Депутат белгилегендей, кошумча электр булактарын киргизүү багытында аталган мыйзам долбоор атайын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Алсак, электр энергияны кошумча иштеп чыгуунун натыйжасында, 2020-жылга чейин 40-70МВт кем эмес ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолору пайдаланууга берилет.

"Аталган мыйзам долбоору жакынкы аралыкта Жогорку Кеӊештин тармактык Комитеттеринин жыйынында каралат" - дейт депутат Э.Байбакпаев.

Пикир

Оставить комментарий