• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл сайын күзүндө жана кышында сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү байкалат — Акматова

Ден соолук 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Жыл сайын республикада күзгү-кышкы мезгилде сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын көбөйүшү байкалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"2021-22-жылдарынын окуу жылынын башынан бери Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы балдардын арасында 68 учур жана мектеп жашындагы балдардын арасында 180 учур катталган. Бул мезгил ичинде эң көп ооругандар 60-69 жаш курагында катталган, 841 учур. Буга сасык тумоо вирусунун төмөнкү температурага жогорку туруктуулугу жана адамга катуу суук тийген учурунда ага каршы коргонуусунун төмөндөшү өбөлгө түзөт. КРВИ менен ооруган чоң кишилер жеңил көтөрүшөт, эгерде балдарды кароодо санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса, алар башкаларга, анын ичинде балдарга да жугузушат", - дейт Акматова.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана жугуштуу пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттерди кеңейтүү боюнча чечим кабыл алынганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий