• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жыл сайын саламаттык сактоого 20 млрд сомдун тегерегинде бөлүнөт – премьер-министр

Ден соолук 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Жыл сайын саламаттык сактоого 20 миллиард сомдун тегерегинде бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Чукул медицина борборунун (ЧМБ) Автоматташтырылган башкаруу тутумунун иши менен таанышуу учурунда билдирди.

undefined

Өкмөт башчынын айтуусунда, 2018-жылы бир катар жаңы ооруканалар ачылды. Анын ичинде тышкы жардам аркылуу да ачылгандары бар.

"Ошону менен бирге медицинада бир катар чечилбеген маселелер бар, алар квалификациялуу кадрлардын жана тиешелүү медициналык жабдуунун жетишсиздигине байланыштуу", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылы медициналык тез жардам тутумун модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

"Тез жардам чакырылган жерине болушунча ыкчам келиши керек. Мындан биздин жарандардын саламаттыгы, кээ бир учурда өмүрү да көз каранды. Бишкек шаардык тез жардам кызматынын иштелип чыккан автоматташтырылган башкаруу тутумун башка кызматтардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бул иш принциби акырындап бүтүндөй республика боюнча киргизилиши зарыл", - деди Абылгазиев.

Мындан тышкары саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий