• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл сайын вакциналар дээрлик 3 млн. өмүрдү сактап калат

Ден соолук 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Жыл сайын вакциналар дээрлик 3 млн. адамдын өмүрүн сактап, балдарды кооптуу жугуштуу оорулардан, маселен кызамык, пневмония, холера, дифтерия ооруларынан коргойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында КРдагы ЮНИСЕФ өкүлү Юкиэ Мокуо билдирди.

Ал белгилегендей, вакцинанын аркасы менен 2000-2017-жылдар аралыгында кызамыктан аз киши көз жумуп, полиомиелит дээрлик жоголгон.

"Вакцина адамзаты ойлоп тапкан саламаттык сактоодогу экономикалык натыйжалуу куралдардын бири болуп келет. Балдарды эмдөөгө коротулган ар бир доллар дээрлик 44 доллар болуп кайтып келет", - деди Юкиэ Мокуо.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова көп жылдардан бери вакцина коомдун саламаттыгында коопсуз, жеткиликтүү жана натыйжалуу чаралардын бири болуп келе жатканын белгиледи.

"Ар бир өткөрүлүп жиберилген эмдөө оорунун жайылышын токтотуу мүмкүнчүлүгүн кетирет. Мен өзүбүздү жана айланадагыларды чогуу коргошубуз үчүн баарын эмдөө маселесине жоопкерчилик менен кароого чакырам", - деди Артыков.

Пикир

Оставить комментарий