• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл соңуна чейин 2200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окуудан өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.22./Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо боюнча 2022-жылга мамлекеттик заказды ишке ашыруу алкагында 2022-жылдын 12-сентябрынан 2-декабрына чейин өлкөнүн бардык аймактарында 135 окуу курсу өткөрүлөт, анда министрлик жана ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2220 кызматкерин окутуу пландаштырылууда.

2022-жылга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоонун мамлекеттик заказы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечими менен бекитилген.

2022-жылга мамлекеттик заказ өзүнө төмөнкү курстарды камтыйт:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алгач ирет кирген жана кызматтык негизги категорияларга биринчи жолу дайындалгандар үчүн (жогорку топтон негизги кызматтык топко өткөндө) кайра даярдоо курстары;

– ар кандай кызматтык категориялар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары:

– улуттук программалар боюнча окуу курстары.

Белгилей кетсек, окуу курстарына катышуучулардын тизмеси мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мамлекеттик заказдын алкагында окутуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында, ошондой эле аймактардагы алты облустук мамлекеттик жогорку окуу жайларда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий