• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жыл соңуна чейин кошумча 4 калкты тейлөө борбору ачылат

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын соңуна чейин кошумча 4 калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч айдын ичинде 5 калкты тейлөө борбору ачылды.

“Калкты тейлөө борборлору Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда, Нарындын Ат-Башы районунда, Оштун Ноокат районунда, Баткендеги Кадамжай жана Исфана шаарында ачылды. Аны менен бирге жылдын аягына чейин Кант, Кемин шаарында, Оштун Араван районунда жана Кара-Суу районунда калкты тейлөө борборлору ачылат”, - дейт ал.

Осмоналиев кезек күтүүлөрдүн санын азайтуу үчүн атайын режим киргенин айтат. Эми калкты тейлөө борборлору саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий