• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жыл жыйынтыгы боюнча ар бир жетекчинин иши түзүлгөн жумуш орундарынын санына жараша бааланат - Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өткөн Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ал өз сөзүндө белгилегендей, Салык, Кылмыш жана Административдик Кодекстеринин алкагында экономикалык маселелерди декриминалдаштыруу иштери катуу күчөтүлөт.

«Ишкерлердин жана бизнестин кызыкчылыктарын өз учурунда жана максаттуу коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун түзүү Өкмөттүн алдындагы кечиктирилгис милдеттерден болуп турат. Мына ушундай шарттарды түзүү менен биз аймактарда өндүрүштүк жаңы кубаттуулуктардын ачылышына, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүүгө жол ачып жатабыз. Ошондуктан дагы бир жолу эскертип коёюн, ар бир аймак жетекчиси, жылдын аягында аймакта түзүлгөн жумуш орундарынын санына жана калкка көрсөтүлгөн жардамга карап сиздердин ишиңиздер бааланат!», - деди Премьер-министр.

Ал ошондой эле аймактарды өнүктүрүүдө республикалык бюджет менен катар жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү зарылдыгы турарын ырастады.

«Жергиликтүү органдардын жетекчилери мамлекеттик казнаны гана карап отурбастан, аймакты дотациядан чыгаруу, жергиликтүү бюджетти көбөйтүүнүн жолдорун да иштеп чыгып сунуштооңуздарды талап кылам. Бүгүнкү күндө Президентибиздин Жарлыгынын негизинде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын региондук жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу каралган. Бул боюнча 3 жумушчу топ азыр төмөнкү багыттарда иштеп жатат: акимдердин ишмердигин күчтөндүрүү максатында кадрларды даярдоо, мамлекеттик бюджеттин каражаттарын пайдаланунуу көзөмөлдөө, жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү, ошондой эле мыйзамдарды, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөттүн алдында ирригация тутумун жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо, унаа жолдорун куруу жана кайра куруу, билим берүү, медициналык жана маданий объекттерди куруу милдеттери турат.

Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир аймак жетекчиси министрликтер жана ведомстволуктар менен, ал эми министрликтер менен ведомстволуктар аймактарга чыгып, алар менен тыгыз иштешүүлөрүн талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий