• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жыл жыйынтыгы: Путин журналисттер менен дээрлик 4 саат баарлашты

Дүйнө 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кечээ, 20-декабрда салтка айланган ар жылкы чоң маалымат жыйынын өткөрдү.

Дээрлик 4 саатка созулган маалымат жыйынында 1702 журналист катышкан, алардын ичинде жергиликтүү жана чет элдик журналисттер да бар.

Жыйындын алкагында Путин 60дан ашык суроого жооп берген.

Путинге саясат, билим берүү, экономика, пенсиялык куракты жогорулатуу, социалдык маселелер, улуттук долбоор, Керчен кырсыгындагы окуя жана башка жеке турмушуна чейинки ар кыл багыттагы суроолор берилди.

Кечээ өткөн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны Путиндин мамлекет башчысы катары берген он төртүнчүсү болду. Ал эми жаңы президенттик мөөнөтүндө биринчиси.

Белгилей кетсек, Путиндин 2001-жылдагы биринчи маалымат жыйынына 500дөн ашык журналист катышып, ал 1 саат 35 мүнөткө созулган. Ал эми эң узак маалымат жыйыны 2008-жылы өтүп, ал 4 саат 40 мүнөт болгонун tass.ru жазат.

Пикир

Оставить комментарий