• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жылдан-жылга КР калкынын каржылык сабаттуулугу жогорулап бара жатат – Банктар биримдигинин төрагасы

Экономика 0

Бишкек, 27-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын калкы жылдан жылга каржылык жактан сабаттуу болуп бара жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын Банктар биримдигинин төрагасы Анвар Абдраев билдирди.

Ал белгилегендей, жылдан өткөн сайын жарандар каржы жаатында кыйла сабаттуу болуп бара жатышат. “Мисалы, буга чейин жарандар менен ар кандай жолугушууларда насыяны кантип, кайдан алса болорун сурашчу. Эми адамдарды электрондук капчыкты, мобилдик банкингди кантип колдонуу керектиги, кандай банктарда депозиттик пайыздар жогору жана башка маселелер кызыктырат. Тактап айтканда, бул калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” сыяктуу иш-чаралар натыйжа берип жатканын билдирет”, - деди А.Абдраев.

Банктар биримдигинин башчысы белгилегендей, быйыл акча жумалыгы жаштарды окутууга багытталганы абдан жакшы. Маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралардын максаты – балдарды жана жаштарды акча, акча жыйноо, кантип акча табуу керектиги, ишкерликке инвестиция салуу тууралуу көптү билүүгө шыктандыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий