• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жылдар ѳтѳт, кылымдар алмашат, бирок Айтматовтун наамы ѳзбек калкынын жүрѳгүндѳ түбѳлүккѳ калат – Сирожиддин Сайид

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Ѳзбекстан жазуучулар союзунун тѳрагасы, белгилүү акын Сирожиддин Сайид „Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары“ эл аралык Ысык-Көл форумуна катышып, анын жыйынтыктары тууралу ой-пикири менен "Кабар" агенттигинин Ѳзбекстандагы кабарчысы менен ортоктошту.

ХХ кылымдын белгилүү жазуучусу жана коомдук ишмери Чыңгыз Айтматов, Ѳзбекстанда да сыймыктуу кадыр-баркка ээ жана анын чыгармалары жалпы окурмандар тарабынан ѳтѳ жогору бааланат, деп сѳз баштады Сирожиддин Сайид.

"Ѳзбек калкынын башына доомат таштары атылып, ѳзбектерди негизсиз айыптаган кезде Чыңгыз Айтматов жогорку трибунадан туруп, ѳзбек калкынын ар-намысын коргоп чыкканы үчүн жалпы ѳзбек калкы улуу жазуучууга ѳз ыраазычылыгын билдирет. Биз бул окуяны эч качан унутупайбыз", - дейт ѳзбек акыны.

Анын айтымында, улуу жазуучунун бардык чыгармалары ѳзбек тилине которулган жана миллион экземплярга жакын нуска менен жарык кѳргѳн. Ѳзбекстан Чыңгыз Айтматовтун чыгармачылыгын жогору баалады, улуу жазуучу "Достук" жана "Буюк хизматлари учун" ("Улуу кызматтары үчүн") ордендери менен сыйланды.

Бүгүнкү күндѳ ар бир үй-бүлѳдѳ Чыңгыз Айтматовтун чыгармалары Алишер Навои жана Захиририддин Бабур китептери менен бир катарда турарын, Чыңгыз Айтматовтун чыгармаларынан үзүндүлѳр мектеп окуу китептерине киргизилгенин эскертип ѳттү Сирожиддин мырза.

Ѳзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевтин токтомуна ылайык, Чыңгыз Айтматовтун 90-жылдыгы Ѳзбекстанда жалпы элдик майрам катары белгиленүүдѳ.

азуучунун эстелигине арналып, "Чыңгыз Айтматов жана Ѳзбекстан", "Чыңгыз Айтматов: Убакыт, Адам, Акыйкат" атуу илимий монографиялар, улуу жазуучу чыгармаларынын жаңы жыйнагы жарык кѳрдү.

Ѳзбекстандын театрларында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары негизинде ондогон спектаклдер коюлду. Жакында Чыңгыз Айтматов чыгармасы мотивинде, ѳзбек-кыргыз актерлорунун катышуусу менен сүрѳткө тартылган "Дилбарим" ("Кызыл жолук жалжалым") аттуу кѳркѳм тасма экрандарга чыгат. Учурда "Эки элдин сүйүктүү перзенти" атуу документалдык тасма даярдалууда.

Ташкент шаарынын канкѳчѳлѳрүнѳн бирине Чыңгыз Айтматовтун наамы ыйгарылды. Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 кыргыз орто мектебине улуу жазуучуну бюсту орнотулуп, атайын китепкана ачылат.

Өзбекстан Улуттук университетинде "Чыңгыз Айтматов жана Ѳзбекстан" аттуу туруктуу экспозиция иштеп турат. Бул жерде жыл сайын Чыңгыз Айтматовтун ѳмүр жолу жана чыгармачылыгын үйрѳнүүгѳ арналган изилдѳѳлѳр, илимий макалалардын топтомдору жарык кѳрѳт.

"Жылдар ѳтѳт, кылымдар алмашат, бирок Чыңгыз Айтматовтун наамы ѳзбек калкынын эскерүүсүндѳ түбѳлүккѳ калат", - деп баса белгиледи Сирожиддин мырза.

Сѳзүмдүн соңунда, улуу ѳзбек акыны Абдулла Ариповтун бир осуятын аткарып коёюун. Устат Абдулла Арипов улуу жазуучу ааламдан ѳткѳн күнү Чыңгыз Айтматовка арнап бир ыр жазган эле. Ошондо мага, убакты келип Кыргызстанга барсаң, албетте бул ырымды кыргыз туугандарга окум бер деп айткан эле. Бул ырды белгилүү кыргыз-ѳзбек акыны, жазуучу, маркум Турсунбай Адашбаев кыргызчага которгон, деп ѳзбек акыны тѳмѳндѳгү ырды окуп берди...

Өттү Чыңгыз ага …

Теңдешсиз инсан,
Сөзгө чечен, ойго кең, асыл даанышман.

Майда сезимдерге көңүл бурбастан,

Айкөлдүк үлгүсүн алган Манастан.


Адамзат көйгөйүн ырдады тынбай,

Сөздү ыйык тутуп туз менен нандай.

Боордош жакыным, сүйгөн агам, деп,

Чыкемди туу тутат бир тууган өзбек.

Ата журту үчүн күрөштөргө шай,

Не залкар инсандар болду жакын дос.

Кыргыз экендигин бир да унутпай,

Тулпары башкача кишенеген жок.


"КАБАР" КУМА, Толонбай Курбанов,

Ташкент, 15 октябрь, 2018 жыл.

Пикир

Оставить комментарий