• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жылдын акыркы "жылдыз жааны" 14-декабрда болот деп күтүлүүдө

Дүйнө 0

Бишкек. 14.12.18 /Кабар/. Геминиддер – күчтүү метеор жааны – 14-декабрь күнү болот деп күтүлүүдө. Бүгүн боло турган кубулуш 2018-жылдын акыркы "жылдыз жааны" болот.

Аба-ырайы жакшы болуп асман ачык болсо, түндүк жарым шардын бардык жеринен "жылдыз жаанын" көрүүгө болот.

Эске салсак, Геминиддер метеор жааны – жыл сайын боло турган жылдыздар эң көп кулаган көрүнүш.

Метеориддер Жердин атмосферасына киргенде анын бөлүкчөлөрү күйүп асманда жарык издерди калат. Түнкү асманда ал "жылдыз жаагандай" болуп көрүнөт.

Пикир

Оставить комментарий