• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жылдын I жарымында "Газпром" бюджетке 2 млрд сомго жакын салык төлөдү

Экономика 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобунун салык төлөмдөрү 1,9 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча компаниянын салыктык чегерүүлөрүнүн көлөмү, анын ичинде Социалдык фондго төлөмдөрдү кошо алганда 1 млрд 929 млн сомду түздү.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниялардын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 5 млрд 205 млн сомдон ашты.

"Газпром" компаниялар тобу иштеп баштаган мезгилден бери КР мамлекеттик бюджетине 62 млрд 98 млн сомдон ашуун каражат которулган, ал эми өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 40 млрд 443 млн сомдон ашты.

Кыргызстандагы "Газпром" компаниялар тобунун иштешинин маанилүү принциптеринин бири бизнести ачык-айкын жүргүзүү болуп саналат, анын эң маанилүү бөлүгү болуп өлкө бюджетине бардык белгиленген салыктарды өз убагында төлөө эсептелет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында "Газпромдун" үч компаниясы иштеп жатат:

- "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы — компаниянын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргызстандын аймагында газ ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле колдонуудагы газды транспорттоо системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү саналат;

- "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы — ишкана республиканын аймагында мотор отун-майларын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.

- "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" ЖЧКсы — Кыргызстанга авиа отун-майын жеткирүү боюнча логистиканы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий