• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталды – жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Билим 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде билим берүү министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов жалпы билим берүү кызматкерлеринин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, педагогикалык чеберчилик жана акылмандык биздин өлкөдө ар дайым чексиз урмат-сыйга ээ болуп келгенин белгиледи.

“Ар бирибиз үчүн мугалимдер күнү - биз устатыбыз деп эсептеген, келечекти аныктоого жана жашоодо максат тандоого көмөктөшкөн, чынчылдыктын, адамгерчиликтин эң маанилүү сабактарын берген агай-эжейлерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк берет. “Мугалим – мөмөлүү дарак” деп эл даанышмандары бекеринен айтпаса керек, сиздер мөмөлүү дарак сыяктуу балдарга билим себесиздер”, - деди Талантбек Бекташов.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын IV этабына жалпы 17 талапкер катышкан. Алар буга чейинки баскычтардан ийгиликтүү өтүп, финалга жолдомо алган.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин математика мугалими Нурсултан Акылбек уулу;

II орун – Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Гүлзат Мукамбетова;

III орун – Жалал-Абад облусундагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими Максат Абилов.

“Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – Ош шаарындагы №39 “Күн нуру” бала бакчасынын тарбиячысы Гүльназа Туленбаева;

II орун – Талас облусунун Манас районундагы “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Мунара Эркинбек кызы;

III орун – Ош облусунун Алай районундагы №1 бала бакчасынын тарбиячысы Арапаткан Туменова.

Пикир

Оставить комментарий