• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жылдыз айымдардан арыктоонун ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Ар бир айымзаты дайыма көрктүү, сулуу болуп, тал чыбыктай буралып тургусу керек. Бул үчүн атайын убактысын, акчасын коротуп тренажердук залдарга барган айымдар да бар. Тилекке каршы бардык эле айымдардын тренажердук залдарга барууга чама-чаркы жете бербейт. Андыктан дүйнөнүн, Орусиянын жана кыргыздын белгилүү айымдары сунуштаган бул диеталар сизге үй шартында эле арыктап, ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Синди Кроуфорд

Дүйнө жүзүнө таанымал модель бир жумада 3 килограмм арыктоо үчүн капуста шорпосун гана ичет. Ал эми кечки алтыда бир стакан кефир ууртап коёт. Бул диета бир жуманын ичинде ага эң сонун натыйжа берерин ал ММКларга берген интервьюларынын биринде айткан.

Шерон Стоун

Ар дайым өзүн жаш алып жүргөн Голливуддун супер жылдызы Шерон Стоун арыктоо үчүн бир жума диетага олтурат. Анын кармаган диетасынын курамына сырты жашыл болгон бардык жашылча-жемиштер кирет. Мисалы, ал бир жума бою бир гана дарбыз, алма, бадыраң жеп, көк чай ичет. Бул диетанын жардамы менен ал бир жума ичинде 4-5,5 килограмм ашыкча салмактан арылат.

Ирина Дубцова

Бул ыкманы Орусиянын ырчысы Ирина Дубцова да арыктоо үчүн колдонот. Ирина Дубцова жашылча-жемиштерден турган диета картаюунун алдын алат жана жүзгө бырыш түшүрбөө менен бирге арыктоого да жардам берерин баса белгилейт.

Салтанат Саматова

– Жүзүнөн дайым күлкүнүн нуру жанып турган бир кездеги ди-джей, учурдагы алып баруучу Салтанат Саматова кышында кошкон ашыкча салмактан арылуу үчүн жаз сайын диетага отурарын айтат. Ал үчүн ак нанды тамак рационунан чыгарып, ордуна кара нан колдонот. Эртен мененкисин тамактанарга жарым саат калганда бир стакан суу ичип алат да, эртен мененки жана түшкү тамагын кадимкидей эле ичет. А кечкисин тамак ордуна бир стакан кефир ичип жатат.

Роза Шакирова

Роза айым арыкташ үчүн 10 күн катары менен эртен менен эрте 6да турат да, көп кыймылда болот. Аз уктоо арыктоого жакшы жардам бере тургандыгын айткан жылдыз ошону менен бирге жакшы натыйжа үчүн эртен мененки тамактанууга жарым саат калганда бир литр суу ичип алат. Диетага олтурган күндөрү жашылчалардан жасалган салаттарга басым жасап, жеңил тамактанууга өтөт.

Маалыматтар интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий