• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жылдыз Бакашова АКШ ЖОЖдорунун профессорлору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова искусство ишмери, Чикаго университетинин философиялык жана социологиялык илимдеринин доктору, дүйнөлүк бизнес-консультант Омар аль-Талиб жана Бостондогу Түндүк-чыгыш университетинни бизнес мектебинин адьюнкт-профессору жана Массачусетс кесипкөй психология мектебинин профессору Кристофер Михаил Кинг менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Профессорлор көптөгөн илимий эмгектердин, билим берүү, тарбия жана инсандык өнүгүү жаатындагы китептердин авторлору. Алар Кыргызстанга 3-августтан 8-августка чейин Ысык-Көлдө өтүүчү Орто Азия жана Түркиянын магистранттары жана аспиранттары үчүн «Жайкы мектеп – 2021» программасынын алкагында лидерлик жана социалдык маселелер боюнча тренингдерди өткөрүү үчүн келишкен.

Аталган жайкы сессиянын сабактарынын принциптери жана максаты мамлекет башчысынын Жарлыгы менен бекитилген Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиялык жактан калыптандыруу тууралуу концепциясынын негизги багыттарына шайкеш келет.

Жылдыз Бакашова заманбап жаштардын социалдык жактан жана жеке өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, профессорлорго келечек муунду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык рухий-нравалык баалуулуктарды сактоодо көрсөтүлгөн Концепцияны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий