• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жылдыз Бакашова: "Мээрим - улуттук жана дүйнөлүк спорттун жаңы жаркыраган жылдызы"

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын тагынып, дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жуманазарованы куттуктап пост жазды.

Ал Жуманазарованы “улуттук жана дүйнөлүк спорттун жаңы жаркыраган жылдызы” деп атады.

“Өлкөнүн намысын коргогон спортчуларды жана кыз-келиндер курама командасынын машыктыруучуларын мелдеште татыктуу күрөш көргөзгөндүгү үчүн чын жүрөктөн куттуктайм!

Мээрим таланттуу, максаттуу спортчу, кыз-келиндер күрөшүнүн улуттук мектебинин татыктуу өкүлү деп ишенимдүү түрдө айта алам. Түн ичинде күчтүү атаандашы менен болгон кармашта, ал темирдей бекем эркти, техниканы мыкты көрсөтүп, тапшырманы так аткарды! Биздин күчтүү кыздардын дагы бир бийиктикке татыктуу көтөрүлгөнү мени сыймыктандырды!

Дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык команданын ийгиликтери улуттук спортту өнүктүрүү жана жаш муунду тарбиялоо үчүн өтө маанилүү экенин белгилегим келет”, - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, аталган чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий