• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жылдыз Бакашова Россия-кыргыз техникалык университеттер консорциумунун өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Россия-кыргыз техникалык университеттер консорциумунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Делегацияны «РусГидро» ААК директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бирдиктүү энергетикалык тутум илимий-техникалык кеңешинин төрагасы, «Москва энергетикалык институту» (МЭИ) Улуттук иликтөө университетинин ректору Николай Рогалев жетектейт.

Бакашова билдиргендей, МЭИ советтик мезгилде Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультети үчүн илимий кадрларды даярдоо боюнча базалык ЖОЖ болуп саналган. Ошондой эле ал белгилегендей, эки өлкөнүн Техникалык университеттер консорциумун түзүү өз учурунда жана туура кабыл алаынган чечим болуп саналат.

«Аталган биримдик негизделген күндөн тарта билим берүү чөйрсүндө биргелешкен програмаларды ийгиликтүү ишке ашырып, ал боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар республикада талап кылынган адистиктер боюнча россиялык ЖОЖдордо билим алууну улантууда. Консорциумга кирген ЖОЖдордун күч-аракети менен көптөгөн кыргызстандыктар россиялык билим алып, өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнө жана достук мамилелердин чыңдалышына өз салымын кошууда», - деди Жылдыз Бакашова.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын жогорку билим алуу жана илимий ишмердүүлүк менен алектенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн илимий жана педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле энергетика, тоо-кен, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, машина куруу, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу республика үчүн эң керектүү багыттарда инженердик кадрларды даярдоо маселеси да көтөрүлдү.

Мындан тышкары, тараптар адистердин даярдыгын кеңейтүү (аспирантура, докторантура) жана квалификациясын жогорулатуу тууралуу макулдашты.

Маалымдама: Россия-кыргыз техникалык университеттер консорциуму 2013-жылы эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин колдоосу астында түзүлгөн жана россиялык жана кыргыз ЖОЖдорунун ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат. Бул бирикме өзүнө Россиянын 36 жана Кыргызстандын 17 жогорку окуу жайын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий