• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жылдыз Бакашова Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу миинстрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары россиялык тарапка Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы вакциналар дозасынын кезектеги партиясын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан коронавирус пандемиясы башталган учурдан тарта көрсөтүлүп жаткан медициналык багыттагы гумантардык жардамды, анын ичинде «Спутник V» россиялык вакцинасынын берилгендигин жогору баалайт», - деди ал.

Жылдыз Бакашова республикада калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, россиялык тарап менен өлкөгө COVID-19 каршы вакцина жеткирүү боюнча мындан ары карай кызматташууга ишенимин билдирди.

Россия Федерациясынын элчиси Николай Удовиченко өз кезегинде билдиргендей, Россия Федерациясынын Өкмөтү аталган маселеге өзгөчө маани берет жана Кыргызстанга вакцина жеткирүү улантыла тургандыгына ишендирип кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосундагы Кайчылаш жылды расмий жабуу, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы темир жол транспорту аркылуу мурда үзгүлтүксүз иштеп турган жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу, ошондой эле билим берүү, мектептерди куруу жана республикадагы билим берүү-гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулады.

Мындан тышкары, кыргыз-россиялык стратегиялык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын катарында Россия Федерациясынын аймагында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн миграциялык жеңилдиктерди берүү маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий